Аламүдүндө балдар уурдалып жатат деген маалымат тастыкталган жок
RU

Аламүдүндө балдар уурдалып жатат деген маалымат тастыкталган жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармакка 21-апрелде Чүйдө балдар уурдалып жатат деген билдирүү тараган. Анда Пригородное айылында балдарды, Маевка айылында да бир кызды Mazda Premacy унаасы менен уурдады деп айтылган. Облустук ички иштер башкы башкармалыгынан бул маалыматты текшерип, тастыкталбаганын маалымдады.

"Mazda Premacy менен балдарды уурдап жатат деген билдирүү чындыкка дал келбейт. Чүй облусунун Аламүдүн аймагында балдарды уурдоо фактысы катталган эмес. Социалдык тармактарга тараган видео боюнча сотко чейинки териштирүү жүргүзүлүп, Mazda Premacy унаасы 1982-жылы туулган А.Т. аттуу жаранга таандык экени такталды. Ал тааныштарын Пригородное айылындагы Үмүт жаңы конушуна жеткирип, кайра кетип бара жатканда белгисиз адамдар анын унаасын ачканга аракет кылышкан. Бул учурда ал коркуп унаасын айдай качканы маалым болду", - дешет милициядан.

Чүй ОИИББи жарандарды жалган маалымат таратуудан карманууга чакырат. Кайсы окуянын күбөсү болгондорго 102, 112 номерине чалып же жакын жайгашкан милиция бөлүмүнө кайрылууну суранат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11786