Ошто каналга түшүп кеткен кишинин сөөгү табылды
RU

Ошто каналга түшүп кеткен кишинин сөөгү табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында сууга түшүп кеткен кишинин жансыз денеси чыгарылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, маркумдун аты-жөнү такталууда.

26-апрелге караган түнү куткаруучуларга Ош шаарынын Аношин көчөсүндөгү турак үйдүн алдынан Яккалик каналына белгисиз адам түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине саат 00:50дө 4 куткаруучу тартылып, каналдагы суунун деңгээли жогору болгондуктан издөө иши убактылуу токтотулган. Таң эрте издөө иштери башталып, 7 адам тартылган.

Натыйжада 35-40 жаштагы славян тектүү (аты-жөнү такталууда) адамдын сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11839