Нуржигит Кадырбеков Россиядагы мигранттан бири-бирине зулумдук кылып жатканын айтты
RU

Нуржигит Кадырбеков Россиядагы мигранттан бири-бирине зулумдук кылып жатканын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Нуржигит Кадырбеков мигранттардын көйгөйлөрү тууралуу Kaktus.kg редакциясына айтып берди. Ал учурдагы эмгек миграцияда жүргөн кыргызстандыктардын каттоо маселесине учкай токтолду.

"Мигранттардын негизги маселеси: алар миграцияга барат, эмгек келишимby түзөт. Кийин ден-соолукту камсыздандыруу үчүн полис алганда көйгөй жаралып жатат. Себеби, алардын үй-бүлөсү ала албайт турбайбы. Айnsifn^ "Сен депутатсың да, чечип бербейсиңби?", - деп. Биз өзүбүздүн мыйзамдарды жылдап кабыл алабыз. Ал башка өлкө. Кантип өзгөртө алабыз?", - деди ал.

Кадырбеков миграттандын көйгөйлөрүн азайтуу үчүн депутаттар дипломатиясы түзүлүп, сүйлөшүүлөр болуп жатканына токтолду.

"Мен өткөндө Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Калашников менен жолуктум. Ал КМШ өлкөлөрүн караган комитеттин бөлүм башчысы. Аны менен кыргызстандык миграттардын каттоо маселесин чечип берүүнү сүйлөштүм. Ал үчүн Россиянын мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү керек. Бул жок эле дегенде жарым жылга барат да. Алар бул шартты дагы да жакшыртыш үчүн - электрондук каттоону киргизгени жатышат. Депутат бизге июнь-июлдарга чейин бүтүп калат го деп сөз берген", - деп билдирди эл өкүлү.

Мигранттар бири-бирин алдап, зулумдук кылып жатат

Эл өкүлү миграттардын бири-бирине болгон мамилесине дагы токтолду.

"Көпчүлүк мекендештерибиз миграцияда мыйзамсыз жүргөн фактылар бар. Эмне үчүн кыргызстандык кыргызстандыкты кыйнайт? Барып алып кээде зулумдук кылат экен, тоноп, алдайт экен. Аманатка кыянаттык кылат экен. Легалдуу жүрбөгөндөн кийин жапа чеккен тарап тиешелүү күч органдарына кайрыла албайт, мына ушундан пайдаланышат экен. Ошондой эле көп учурда Россиянын жарандары үйлөрүнө каттоого тургузбайт экен. Факт жүзүндө иштеген жери башка, жашаган жери башка. Себеп дегенде батирдин ээси каттоого тургандарга салык төлөшү керек болуп калат экен", - дейт депутат.

"Сахарова" маселеси

Нуржигит Кадырбеков Сахарова маселеси көптөн бери чечилбей келе жатканын айтты.

"Сахарова маселеси боюнча биз канча жолу көтөрдүк. Чынын айтайын камчыны колго кармап эле турдук да. Элчиликти дагы тикесинен тик тургуздук. Маселе мындай: ал жактан диагноз коюп, 18 миң рублдан дарылап жатышат. Бул себептүү биздикилер Россиянын башкы прокуратурасына кайрылды. Ага жергиликтүү прокуратура чара көрөбүз деп туруп, кайра бир аздан кийин баары мыйзамдуу экен деп жатышат. Алар бул Россиянын коопсуздук, ден-соолук маселеси үчүн деп белгилешкен. Эмне кыла аласың? Өлкөнүн эки чоң структурасы келишип алса эмне кыла алабыз? Бирок бул маселени улам көтөрүп жатып, азыр ал жакта биздин миграттарды бекер даарылап калышты. Бул дагы бир жеңиш деп ойлойм", - деп, Россиядагы миграттарга оңой акчага алданбай, өз укуктарын билип жүрүүгө чакырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11859