"Жергиликтүү арак жагымсыз". Депутат ата мекендик алкоголдун сапатын сынга алды
RU

"Жергиликтүү арак жагымсыз". Депутат ата мекендик алкоголдун сапатын сынга алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев ата мекендик арактын даамын сынга алды. Бул тууралуу ал парламенттин жыйынында билдирди.

Депутат Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Алмаз Токтогуловдон "арак ичесизби?" деп сурады.

Токтогулов ооба "жашырбайм, кээде арак ичип калам" деп жооп берди.

Бекешевдин жергиликтүү арактардан ичесизби деген суроосуна Токтогулов кайрадан оң жооп кайтарып: "Мен ата мекендик өндүрүштү колдойм" - деп айтты.

Буга депутат жалпы эле арактын зыян экенин айтып, ата мекендик алкоголдук продукциянын даамы жакшы эмес экенин билдирди.

"Албетте, ата мекендик продукцияны колдоо керек. Бирок андан кийин боорго жаман болот. Мен биздин аракты ичип көргөн жокмун, бирок аны ичип жүргөндөр жергиликтүү арак жагымсыз болуп калганын айтты", - дейт депутат.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште "Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатууга мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11878