Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду кеңсесинде тинтүү жүргүзүлгөнүн ырасташты
RU

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду кеңсесинде тинтүү жүргүзүлгөнүн ырасташты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын кызматкерлери Туризмди өнүктүүнү колдоо фондунун башкы кеңсесинде тинтүү жүргүзүштү. Мындай маалыматты Kaktus.media сайтына бир нече өздүк булактар билдиришти.

Маалым болгондой, тинтүү иштери 2-май күнү түштөн кийин: Игембердиев көчөсү, 1/33 дарегинде болгон. Тинтүүнүн чоо-жайы айтылган жок. Болгону бул туризм тармагындагы коррупцияга байланыштуу экени белгилүү.

Азырынча бул иш боюнча эч ким камала элек.

Кийинчерээк аталган фонддон Башкы прокуратура тарабынан пландык текшерүү болуп жатканын айтышты. Ал эми УКМК тарабынан тинтүү жүргүзүлгөнүн ырасташып, коопсуздук комитети фонд мыйзамга ылайык иш алып барабы, жокпу максатта жүргүзүлгөнүн белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11991