Елена Калашникова өзүнө козголгон кылмыш иши тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында билди
RU

Елена Калашникова өзүнө козголгон кылмыш иши тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында билди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун жетекчиси Елена Калашникова кылмыш иши козголгонуу тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин жыйынында билди.

4-майдагы отурумда ал козголгон иш боюнча кабары жок экенин, ага эч кандай айып тагылбаганын белгиледи.

"Тинтүү чындап эле кеңседе, үйдө менин жана кызматкерлеримдин катышуусу жок болгон. Себеби белгисиз. Фонддун уставдык капиталы 1 миллиард сомду түздү. Учурда бизде 762 миллион 190 миң сом бар. 372 сом накталай. 257 миллион 67 миң 294 сому жумшалды. Калган акча ордунда", - деди Калашникова.

Анын айтымында, 113 млн сом кайтарымдуу.

"44 миң сому чет өлкөлөргө барууга жана иш-чараларга катышууга сарпталган. Бул көргөзмөлөргө, өлкө презентацияларына, Кыргыз Республикасы тууралуу видео жана басма материалдарын тартууга жумшалган. 38 миллиону фонддун ишмердүүлүгүнө жумшалса, 20 миллион сому эмгек акы, калганы 2017-жылга чейин каржыланган. Мекеменин ижарасы (1 млн сом), мамлекеттик камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө жана башка чыгымдар. Бардык далилдер бар.18 миллионго GoBus ишке кирди. Улуттук долбоорлор да каржыланган, алар ишке ашыруу стадиясында - Baуtik Mountain Resort, "Тамга" спорт комплекси, Чолпон-Ата спорт борбору, республиканын санитардык-курорттук комплексин өнүктүрүү долбоору, веб-сайттарды жана тиркемелерди иштеп чыгуу, кемпингдерди өнүктүрүү. Бул акчанын баары кайтарылып берилет. Бирок бир дагы инвестициялык долбоор жети айда айланып кете албайт. Бир жыл иштедик. Төрт айдын ичинде ар кандай текшерүүлөр жүргүзүлөт. Ал жыйынтыкка эмес, учурдагы ишмердүүлүккө карайт", - деди Калашникова.

Ал кошумчалагандай, сынактын жыйынтыгы боюнча бир эс алуу пунктунун баасы 6 миллион сомду түзөт.

Эске салсак, УКМК фондго карата коррупция фактысы боюнча иш козголгонун билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12045