Кытайдан жүктөрдү ташууну жеңилдетүү үчүн "Эркеч-Там" өткөрмө жайы кеңейтилет
RU

Кытайдан жүктөрдү ташууну жеңилдетүү үчүн "Эркеч-Там" өткөрмө жайы кеңейтилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Эркеч-Там" өткөрмө жайы кеңейтилет. Бул туурасында бажы кызматынын төрагасынын орун басары Алмаз Салиев Жогорку Кеңештин 4-мартындагы жыйынында билдирди.

Депутат Шайлообек Атазов кытай тарап бир заматта 30-40 жүк ташуучу унааны чыгарууда, бирок Кыргызстандын чек арасына келгенде бирден араң өтүп жатканын айтты.

Атазов ошондой эле бажычылар саат 11:00дө жумушка келип, кайра 16:00дө жаап кетип калып жатышканын белгиледи.

Белгилүү болгондой, учурда 150 машинага ылайыкташкан "Эркеч-Тамдан" күнүнө 250 унаа өтүп жатат.

"Бул бизде орчундуу маселе болуп жатат. Финансы министринин орун басары менен барып көрүп келдик. Өкмөттөн да тапшырма түшкөн. Өткөрүү пунктунун аймагын кеңейтүү чечими кабыл алынып, жергиликтүү органдарга 10-майга чейин жерди чечип берүү тапшырмасы коюлду. Анда унаалардын тезирээк өтүүсүнө шарт түзүлөт", - деди Бажы кызматынын төрагасынын орун басары.

Андан соң депутат президенттин парламенттеги өкүлүнөн бул жагдайды көзөмөлгө алып коюуну суранды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12047