Түнкү клубдун жанында ок чыгарган киши кармалды. Ал министрликтин кызматкери экени айтылды
RU

Түнкү клубдун жанында ок чыгарган киши кармалды. Ал министрликтин кызматкери экени айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 14-майга караган түнү Асанбай кичи районундагы Suzie Wong түнкү клубунун жанында ок атылган. Бул тууралуу милицияга түнкү саат 03:00 чамасында билдирүү түшкөн. Маалыматты Kaktus.media сайтына Октябрь РИИБден билдиришти.

Окуя болгон жерге дароо тергөө-ыкчам тобу барды. Анда белгисиз адам түнкү клубдардын биринин кире беришине жакын жерден коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын одоно бузуп, куралы менен асманга ок чыгарганы аныкталды..

Бул факты боюнча "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Милиция кызматкерлери ок аткан жаранды кармап, тергөө кызматына жеткирди. Убактылуу кармоочу жайга киргизилген жаран 1989-жылы туулган А.С. экени такталды.

Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарындагы булак билдиргендей, кармалган адам Экономика министрлигинин бөлүмдөрүнүн биринин жетекчиси.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12251