Көп кабаттуу үйдөн боюн таштоого аракет кылган кыз куткарылды. Видео
RU

Көп кабаттуу үйдөн боюн таштоого аракет кылган кыз куткарылды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте көп кабаттуу үйдүн терезесинен боюн таштоого аракет кылган кыз аман-эсен куткарылды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына күч түзүмдөрүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, милицияга шаар тургуну кайрылып, кызын табышууга жардам сураган. Кыз көп кабаттуу үйдүн терезесин сүрөткө тартып, өз жанын кыя турганын айтып, апасына билдирүү жөнөткөн.

Милиция кызматкерлери кыздын жүргөн жерин аныктап, жерине барышкан. Алар терезеден секиргенге аракет кылып жаткан кызды куткарып калышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12264