Араванда айыл башчы мыйзамсыз токтомдорду чыгарганга шектелүүдө
RU

Араванда айыл башчы мыйзамсыз токтомдорду чыгарганга шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунда айыл өкмөт башчысы кармалды. УКМКнын маалыматына караганда, жергиликтүү аткаминер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганга шектелүүдө.

Кабарлангандай, 2022-жылдын 14-февралында Тепе-Коргон айылынын башчысы М.М.А. башка кызмат адамдары менен жең-учунан сүйлөшүп алып, жер участогун "Сугат айдоо жерлери" категориясынан "Жеке турак жай куруу" категориясына которуу жөнүндө токтом чыгаргандыгы аныкталган. Ал үчүн "Кадастр" мамлекеттик мекемеси тарабынан жеке менчик укугуна мамлекеттик актылар берилген.

Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында жеке менчикке берилген жер тилкелеринин баасы 7,7 млн сомду түзгөн. Бул факты боюнча 337-берененин 3-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон.

Ушул жылдын 17-майында аталган кылмыш иштин алкагында Араван районунун Тепе-Коргон айылынын башчысы М.М.А. кармалып, Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө амалдары улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12450