Бомба коюлган деп жалган маалымат тараткан дагы бир жаран кармалды
RU

Бомба коюлган деп жалган маалымат тараткан дагы бир жаран кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат тараткан жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматында айтылат.

Маалыматка ылайык, Нарын облусунун 2001-жылы туулган Р.Ж.Р аттуу жараны "bombaa195" фейк аккаунт ачып, угуусу начар жана укпаган балдар үчүн адистештирилген №21 мектеп-интернатынын тарбиялануучусунун жеке Instagram баракчасына имараттын аймагына жардыруучу зат коюу пландалып жаткандыгы тууралуу жалган билдирүү жөнөткөн.

"Ыкчам аракет көрүү планына ылайык, студенттерди жана мекеменин кызматкерлерин эвакуациялоо чаралары көрүлүп, бирок жогорудагы даректин имараттарын жана ага чектеш аймакты текшерүү учурунда жардыруучу заттар, ок атуучу куралдар жана башка кооптуу нерселер табылган эмес.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында процессуалдык чаралар көрүлүп, кармалган адам КР мыйзамдарына ылайык жазага тартылат", - деп айтылат маалыматта.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине ылайык, жарылуу, өрт коюу же башка аракеттер жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу - беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12517