Ырчы Сайкал Садыбакасова уулу тууралуу маалымат берди
RU

Ырчы Сайкал Садыбакасова уулу тууралуу маалымат берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин социалдык тармактарда ырчы Сайкал Садыбакасованын уулунун тою делген видео тараган. Ырчы бул тууралуу SUPER.KG порталына комментарий берди.

"Амантур апамдын жакын тууганынын уулунун баласы. Ал төрөлгөндө ата-энеси эки жолго түшүп, ажырашып кетишкен. Бала атасынын үйүндө калган. Анан туугандар макулдашып мага берүүнү чечишкен. Амантур төрөлгөндөн бери эле апам экөөбүз чогуу карап, чоңойтуп келе жатабыз. Бул темага көп токтолгум келбейт. Бирок Амантур биздин үй-бүлөгө бакыт, шаң алып келди. Иним Эркин каза болгондон кийин Амантурдун биздин үй-бүлөбүзгө келгени өзгөчө кубаныч болду," - дейт ал.

"Эстей жүр" ыры менен таанылган ырчы, Маданияттын мыкты кызматкери төш белгисинин ээси.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12786