"Бийликти күч менен басып алууга аракет". Шектүүлөрдү кармоо учуру (видео)
RU

"Бийликти күч менен басып алууга аракет". Шектүүлөрдү кармоо учуру (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү делген адамдардын тобунун мыйзамсыз ишине бөгөт койду. Алар өлкөдө массалык нааразылык акцияларын жана ири баш аламандыктарды өткөрүү, андан кийин бийликти күч менен басып алуунуну каалашкан дешет УКМКдан.

Аталган комитет алынган маалыматтардын жана чогултулган аудио-видео материалдардын негизинде кылмыш ишин козгоп, анын алкагында сот тарабынан санкцияланган атайын тергөө аракеттеринин комплекси жүргүзүлгөнүн белгилейт.

"Элдик кеңеш" саясий партиясынын жетекчиси Роза Нурматова. УКМК анын жетекчилиги астында бийликти күч менен кулатууга тымызын даярдык көрүү боюнча жашыруун жыйындар өткөрүлүп келген деп айтууда. Тергөөдө аныкталгандай, бул уюшкан топко коомдун ар кайсы катмарынан жана өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 100дөн ашык адам тартылган, алардын ортосунда конкреттүү милдеттер так бөлүштүрүлгөн.

Аны менен бирге негизги шериктери - Н.Р.С., И.Г.С., М.А.Ж. жана Д.Т.А. кармалып, бардыгы УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12796