"Кичинекей сиңдимди атасыз, апасыз калтырышты". Равшан Жээнбековдун кызы кайрылуу жасады
RU

"Кичинекей сиңдимди атасыз, апасыз калтырышты". Равшан Жээнбековдун кызы кайрылуу жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун кызы Каныкей Равшан англис тилинде видео кайрылуу жазып, Instagram баракчасына жүктөдү.

Чет мамлекеттердин элчиликтерине жана эл аралык уюмдарга болгон кайрылуусунда үй-бүлөсүнүн башына түшкөн оор күндөргө токтолуп, апасы Салкынай Алимбаева атасы сыяктуу камакта экенин айткан.

Билдирүүдө, буга Кемпир-Абаддын иши боюнча камакта жаткан атасынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коюуну чечкени себеп болгон.

"Мына эми президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев атамды үй-бүлөсүн пайдаланып, кыйнап берүүнү чечишти", - дейт Каныкей Равшан. Ал эми апасынын саясатка эч кандай тиешеси жок экенин кошумчалайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12821