Салымбеков, Бабанов, Ибрагимов. Президент жолдор кимдин эсебинен курулуп жатканын айтты
RU

Салымбеков, Бабанов, Ибрагимов. Президент жолдор кимдин эсебинен курулуп жатканын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде мамлекетке жолдорду курууга кимдер жардам берип жатканын айтты.

Анын айтымында, ата мекендик ишкерлер колдоо көрсөтүүдө.

"Мисалы, Жумабек Салымбековду элдин баары билет, ал өз демилгеси менен демөөрчүлүк катары 50 миллион сом бөлгөн. Бул каражатка Нарын шаарында оңдоо иштери жүрүп жатат. Ошондой эле Талас, Баткен шаарларынын ички жолдорун оңдоо пландалууда. Бул максаттар үчүн белгилүү Өмүрбек Бабанов 80 миллион сом бөлгөн. Андан сырткары жеке ишкерлер Марат Назарбеков менен Алмазбек Тиленбаев 30 миллион сомдон, "Бакай Банктын" ээси Сергей Ибрагимов 200 миллион сомдон бөлгөн.

Өз кезегинде Жалал-Абад шаарынын ички жолдорун оңдоого республикалык бюджеттен 2 млрд сом бөлүндү", - деди мамлекет башчы.

Ал ишкерлерди "өлкөнүн тагдырын ойлогон патриоттор" деп атады.

"Алар Кыргызстанда акча таап, бөлүшүүнү билишет, бул алардын берешендиги. Учурдан пайдаланып, салык төлөөдөн тышкары, өз демилгеси менен мекенине да жардам берип жатканы үчүн аларга ыраазычылык билдиргим келет.

Мен ишенем, өлкөдө көптөгөн адамдар – кең пейил, Кыргызстанды колдоп, тирөөч болуп, анын өнүгүүсү үчүн бардыгын жасоого даяр. Кыргызстандын өнүгүшү үчүн көп иштерди жасап жаткан өз элинин ушундай уул-кыздарына дуба кылам. Алардын келечеги кең болсун деп тилейм.

Албетте, мамлекет да жөн отурган жок. Жаңы социалдык объектилерге, жолдорду оңдоого жана башка маанилүү тармактарга бюджеттен миллиарддаган каражаттар бөлүнүүдө. Ошону менен бирге ушундай кең пейил ишкерлерибиздин долбоорлорду ишке ашырууга демөөрчүлүк кылып жатканы жакшы колдоо болуп саналат", - деди Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12864