Сеулдан Бишкекке жаңы авиакаттам ачылды
RU

Сеулдан Бишкекке жаңы авиакаттам ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

12-июнда "Манас" эл аралык аэропортунда Сеулдан Бишкекке жаңы авиакаттам ачылды. Бул тууралуу "МЭА" ААКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"МЭА" ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов белгилегендей, бул каттам Бишкек менен Сеулдун ортосундагы байланышты бекемдеп, Түштүк Корея менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамилелердин өнүгүшүнө салым кошот.

Учакта жалпысынан 189 орун бар. Сеулдан Бишкекке учуунун узактыгы 7 саат 30 мүнөттү, Бишкектен Сеулга 6 саатты түзөт. Сеулга каттамдар жумасына бир жолу аткарылат: Сеулдан келүү – жекшемби күнү, Бишкектен учуу – дүйшөмбү күнү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12891