Шопоковдо темир жол бекеттин аймагындагы нефтебаза күйүп жатат
RU

Шопоковдо темир жол бекеттин аймагындагы нефтебаза күйүп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Шопоков шаарында темир жолу бекетинин аймагында мунай зат сакталуучу жайдан өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрттү өчүрүүгө жалпысынан 7 бөлүм тартылганын билдирди.

Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1, №8 ӨКБдан 1, Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп кошумча тартылды. Учурда жалпысынан жеринде 7 күжүрмөн эсеп тартылды.

Белгилей кетсек, Сокулук районунун Шопоков шаарында темир жолу бекетинин аймагында нефтебазадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшүп, буга чейин өрттү өчүрүүгө 4 күжүрмөн эсеп, Чүй облусунун башчысы жетектеген жана ККББнын ыкчам тобу өрт өчүрүп жатышкан.

Тилсиз жоону өчүрүүнүн жүрүшүнөн кошумча маалымат берилет дешет ӨКМдан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13001