Садыр Жапаров мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерди куттуктап, ишине баа берди
RU

Садыр Жапаров мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерди куттуктап, ишине баа берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 23-июнда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин кесиптик майрамы. Президенттин администрациясы Садыр Жапаровдун куттуктоосун жарыялады.

"Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Мамлекеттик түзүлүштүн туруктуу өнүгүшүндө жана калкка кызмат кылууда мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгеги зор.

Сиздердин талыкпаган иш-аракетинин негизинде эл-журтубузга ыкчам жана ыңгайлуу кызмат көрсөтүүнүн сапаты жакшырып барат.

Бүгүнкү күндө кадр маселеси өлкө жетекчилигинин көңүл чордонунда. Мамлекеттин маанилүү багыттарынын бири катары кадр саясатындагы ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, элдин ишенимин арттыруу жаатында кадрларды түзүлгөн резервден дайындоо, ротация кылуу сындуу алгылыктуу чаралар көрүлүп келе жатат.

Үстүбүздөгү жылы коомго ак ниет кызмат кылууга, мамлекеттин алдына коюлган милдеттерди аткарууга багытталган натыйжалуу кесипкөй кадрдык аппаратты түзүү максатында 2023-2025-жылдары Кыргыз Республикасында кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн мамлекеттик стратегиясы кабыл алынып, ишке кирди.

Келечекте бул документ аркылуу укуктук, уюштуруучулук жана социалдык институт катары мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат системасын калыптандырууга жана натыйжалуу иштетүүгө жетишебиз.

Анын негизинде кесипкөй, компетенттүү, кабыл алынган чечимдер жана иштин натыйжалары үчүн жоопкерчилик ала алган, этика стандарттарын бекем сактаган адистерди өстүрүп чыгууга жол ачылат.

Тармактык кызматкерлерибиз санариптештирүү жана башка заманбап технологияларды колдонуу менен калкты тейлөө, документ жүргүзүү жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеңилдетүү аракетин тынбай көрүп келишүүдө. Коомчулуктун суроо-талабын канааттандырууда кесипкөйлүк, компетенттүүлүктөн сырткары жогорку руханий-адептүүлүк сапаттарга да ээ болууга умтулушууда.

Сиздердин мына ушундай ак ниет кызматыңыздардын аркасында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге ишеним арткан өнүккөн мамлекетти курууга жетишебиз. Баарыңыздарга бекем ден соолук, берекелүү өмүр, ишиңиздерге моюбас жигер жана Жараткан адамзатка ыроологон бардык жакшылыктарды каалайм!", -деп айтылат куттуктоодо.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13039