Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга тарашты
RU

Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга тарашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары VII чакырылыштын экинчи сессиясын жыйынтыктады.

Жыйын Кыргыз Республикасынын гимни менен аяктады.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламентинин 32-беренесине ылайык: "Жогорку Кеңештин сессиясы сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн башталат жана келерки жылдын июнь айынын акыркы жумуш күнүнө чейин уланат".

Белгилесек, бүгүн күн тартибинде 50 маселе, алардын арасында бир нече орчундуу маселелер: прокурорлордун жаңы ишмердүүлүгү, ратификациялоо, "Билим берүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр жана башкалар каралмак.

Бирок депутаттар күн тартибинен "Ар кандай" маселелерди алып салышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13139