Депутаттар прокуратурадан тергөө функциясын алуу мыйзам долбоорун колдошту
RU

Депутаттар прокуратурадан тергөө функциясын алуу мыйзам долбоорун колдошту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңеш "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" конституциялык мыйзам долбоорун колдоду.

Демилгечи – Кыргыз Республикасынын президенти.

Мыйзам долбоору прокурордук көзөмөлдүн чегинен чыккан, анын ичинде Конституциянын айрым ченемдерине карама-каршы келген прокуратура органдарынын ыйгарым укуктарын алып салуу максатында даярдалган. Тагыраагы, тергөө жүргүзүү боюнча прокуратура органдарынын функцияларын алып салууга багытталган.

Талкууда депутат Элмурза Сатыбалдиев сот адилеттүүлүктүн башаты тергөөдөн башталарын айтып, президент ишеним берип жаткан соң тергөөнү талашып-тартышпай калыс алып барууга чакырды. Депутат Гуля Кожокулова прокуратура органы тарабынан токтотулган кылмыш иштеринин мындан кийинки абалына кызыгып, анын санын тактады. Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков прокуратурадан тергөөнүн алынышы менен башка органдардагы тергөөчүлөрдүн жумушу көбөйөрүн айтып, штаттык бирдиктерди көбөйтүү сунушун берди.

Жыйынтыгында депутаттар мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдоого алышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13142