УКМК кызматкерлери курал сатууга аракет кылган милиционерди кармашты
RU

УКМК кызматкерлери курал сатууга аракет кылган милиционерди кармашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Милиция кызматкери курал сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалган. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын айтымында, бүгүн, 5-июлда УКМКнын кызматкерлери курал саткан деген шек менен Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн Манас айылындагы инспекторун кармашкан.

Алдын ала маалыматтарга караганда, милиция кызматкери тапанчаны сатууга аракет кылып, пара менен кармалган. Анын үйүндө жана иштеген жеринде тинтүү иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13258