Депутат Фархат Исмаилов жасалма дипломдун айынан мандатынан ажыратылды
RU

Депутат Фархат Исмаилов жасалма дипломдун айынан мандатынан ажыратылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 6-июлда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Фархат Исмаиловду ("Ата Журт Кыргызстан" партиясы) Жогорку Кеңештин депутаттарына коюлган талаптарды бузгандыгы үчүн мандатынан ажыратты.

Мындай чечим Билим берүү министрлигинин депутаттын жасалма диплому тууралуу маалыматынын негизинде кабыл алынган.

Кыргыз улуттук университетинин маалыматы боюнча, Исмаилов университетке кабыл алынган эмес. Архивдик документтерди жана буйруктарды текшерүүнүн негизинде Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети Фархат Исмаиловго диплом берген эмес.

Эске салсак, УКМК 2021-2022-жылдары Жогорку Кеңештин депутаттарынын жасалма дипломдору бар экенин билдирген. Кеп "Альянс" фракциясынан депутат Фарходбек Алимжанов менен "Ата Журт Кыргызстан" фракциясынан депутат Фархат Исмаиловдун дипломдору тууралуу.

Талаптарга ылайык, "Шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 59-беренесине ылайык, "25 жашка толгон, шайлоо укугуна ээ жана жогорку кесиптик билими бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланышы керек".

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13276