Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосунан четтетилиши тууралуу КЭДПнин билдирүүсү
RU

Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосунан четтетилиши тууралуу КЭДПнин билдирүүсү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 19-апрелде КЭДП аларды Бишкек шаардык кеңештин шайлоосунан четтетүү чечими боюнча билдирүүсүн жарыялашты.

Kaktus.kg билдирүүнун текстин кыргыз тилине которуп, толугу менен берди:

"Бүгүн түндө Бишкектик аймактык шайлоо комиссиясы биздин партияны шайлоодон четтетүү тууралуу негизсиз жана мыйзамга каршы келген чечимин кабыл алды"

Партия тараптан мыйзам бузуулар боюнча күмөн жаратуучу далилдер бардык процессуалдык нормалардын орой бузулушу менен алынды. Азыркы күнгө чейин КЭДП тараптан добуштарды сатып алуу болгонун тастыктоочу бир дагы далил бериле элек.

Аймактык шайлоо комиссиясы КЭДПни шайлоодон четтетүү чечимин негиздөөчү эки ойлоп табылган эпизод, көрсөтүлгөн шайлоо участокторундагы добуш берүүнү жокко чыгарган күндө дагы жалпы натыйжага эч кандай таасирин тийгизбейт. Башкача айтканда, КЭДПнин шайлоодогу жалпы натыйжасына таасир тийгизүүсү мүмкүн эмес.

Бизге КЭДПга карата мындай бөлүп алып караган мамиле түшүнүксүз. Жетишээрлик жүйөө болбой туруп, АШК бир партияны толугу менен шайлоодон четтетти. Ошол эле учурда шайлоо мыйзамын одоно бузган башка партиялардын айрым талапкерлерин гана четтетип, же эскертүү берип жатат.

Шайлоо мыйзамын одоно бузуп, муниципалдык каражаттар бир партияны колдоого алынганы далилденген учурда да АШК аны көз жаздымда калтырды.

КЭДП АШК тараптан жасалып жаткан мыйзамсыздыкка каршылыгын билдирет.

Өзүнүн ойлонулбаган кадамдары менен АШК өтө кооптуу прецедент жаратып жатат. Мында массалык эмес, бир эле ирет болгон имиш мыйзам бузуу тиешелүү далилдөөчү базасы болбой туруп, ыңгайсыз партияларды четтетүү максатында колдонууда.

Биз өзүбүздүн жеңишибизди бардык мыйзамдуу жолдор менен талашууга аракет кылабыз!

Эч ким биздин жеңишибизди уурдай албайт, анткени анын артында миңдеген бишкектиктер турат.

КЭДП ар дайым таза шайлоо жана мыйзам алкагындагы күрөш үчүн болуп келген. Биз шайлоо кампаниясын ачык жана активдүү жүргүзүп, депутаттык мандаттарды алуу үчүн кир технологияларды колдонгон жокпуз.

Чындыкты коргоп, адилеттүүлүк жеңет, деп бекем ишенебиз.

КЭДП үчүн добуш берген жарандардын тандоосун жокко чыгарууга эч кимдин акысы жок!"

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1332