Кыргызстандын Монголиядагы элчилиги ачылды. Сүрөттөр
RU

Кыргызстандын Монголиядагы элчилиги ачылды. Сүрөттөр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Монголиянын Улан-Батор шаарында Кыргызстандын элчилигинин ачылыш аземи болуп өттү. Бул туурасында президенттин администрациясынан маалымдашты.

Дипломатиялык миссиянын ачылышы Садыр Жапаровдун 9-11-июлда Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өттү.

Буга чейин Айбек Артыкбаев Кыргызстандын аталган өлкөдөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кылып дайындаган.

Салтанатка Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Кыргызстандын элчиси Айбек Артыкбаев, Монголиянын тышкы иштер министри Батцэцэг Батмунхийн катышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13344