Гуля Алмамбетова БШКга кайрылып: Кимдин буйругун аткарып жатасыңар?
RU

Гуля Алмамбетова БШКга кайрылып: Кимдин буйругун аткарып жатасыңар?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 19-апрелде КЭДП шайлоодон четтетилгени белгилүү болду. Бул маалыматты Kaktus.media'га Бишкектик аймактык шайлоо комиссиясы тастыктады.

Бишкектин АШКсы берген маалыматына ылайык, аларга УКМКдан жана ИИМден добуштарды сатып алуу тууралуу эки материал келип түшкөн. Биринчиси, багажникке салынган акчага байланыштуу, ал эми экинчиси талапкер тараптан шайлоочулардын добушун сатып алууга байланыштуу.

КЭДП буга байланыштуу бүгүн басма соз жыйынын өткөрүп, БШК саясий буйрукту ишке ашырууда, жеп шекшип жатышкандыгын билдиришти.

Партиянын мүчөсу Гуля Алмамбетова: "Нуржан Кармабековна Шайлдабековага аябай кайрылгым келип турат. Ал кандай негизде партиялар иш алып бара турганын билет. Анткени, биринчи таанышкан жерибиз жок. Бул биринчи шайлоо эмес. Биз айрым борбордук органдардын тил алчаактыгынын көлөмү канчалык экенин жакшы түшүнүп турабыз. Алар бийлик башында тургандардын тилин алышат. Кайрат Маматовдун жана БШКнын башка мүчөлөрүнүн бетине карап сурагым келип турат. Урматтуулар, кимдин буйругун аткарып жатасыңар? Сооронбай Шарипович жок, Садыр Нургожоевич сурандыбы же УКМК сурандыбы? Ким, эмне деп суранганы бизге да кызык болуп турат", - деди.

Эске салсак, 11-апрелде республика боюнча жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөн. Алдын ала жыйынтыктарга ылайык, Бишкек шаардык кеңешке алты партия өткөн, алар: "Эмгек", "Ак Бата", КЭДП, "Ата-Журт Кыргызстан", "Ынтымак" жана "Биздин эл".

Эгер КЭДП ат салышуудан четтетилсе, алардын мандаттары калган беш партиянын ичинен бөлүштүрүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1342