Бишкекте милициянын капитаны апта сайын акча алганга шектелди
RU

Бишкекте милициянын капитаны апта сайын акча алганга шектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек ШИИББдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам кызматкери кармалды. УКМКнын маалыматына караганда, ал апта сайын акча алып турганга шектелүүдө.

"19-июнда жума сайын берилип турчу 10-15 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Бишкек ШИИББдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам издөө бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери, милициянын капитаны А.Ч.Т. кармалды", - деп айтылат билдирүүдө

Бул иш боюнча Бишкек ШИИББдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысы К.Б. дагы УКМКга жеткирилди. А.Ч. менен К.Б.нын жашаган жеринде, унааларында, ошондой эле кызматтык бөлмөлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлдү.

Милициянын капитаны А.Ч. УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо боюнча бардык зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын айтышат комитеттен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13522