Бишкекте бир адам уу коргошундан ууланды. Анын абалы оор
RU

Бишкекте бир адам уу коргошундан ууланды. Анын абалы оор

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте уу коргошундун тундурмасынан уулануу фактысы катталды. Бул маалыматты Kaktus.media редакциясына Экстрендик медициналык жардам борбору тастыктады.

Алар берген маалыматка ылайык, уулануу тууралуу билдирүү бүгүн, болжол менен таңкы 5те келип түшкөн. Ал учурда конкреттүү түрдө эмнеден ууланганы белгисиз болчу. "63 жаштагы эркек киши, жүрөгүнүн согуусу туруктуу эмес, оор абалда Кардиология жана терапия борборуна госпитализацияланган. Ооруканадан уу коргошундун тундурмасын ичкени аныкталды. Бейтаптын айтымында, тундурманы өз демилгеси менен ичкен, бирок кандай көлөмдө жана эмне максат менен белгисиз", - деп Экстрендик медицина борборунун кызматкерлери айтып беришти.

  • 16-апрелде Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошунду ичип, анын тундурмасын президент Садыр Жапаров экөө бирге кайнатып жатканын маалымдаган.
  • Андан бир күн мурун Садыр Жапаров Өзүнүн социалдык баракчасына, биздин дарыгерлер коронавирусту баштапкы стадиясында дарылай турган ыкмасын тапты, деп жазган.
  • Президент Садыр Жапаровдун аппараты уу коргошундун тундурмасы "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынада кайнатылат, деп билдирди.
  • Эксперттер бул өсүмдүктү дарылыкка колдонуу өтө кооптуу, беш мүнөттүн ичинде өлүмгө алып келет, деп айгай сала башташты. Активисттер Саламаттыкты сактоо министрине карата кылмыш ишин козгоп, президентке импичмент жарыялоону сунушташты.
  • Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы бөлүмү Aconítum soongáricum (уу коргошун) тууралуу расмий билдирүүсүн таратып, анда клиникалык изилдөөлөрдөн өтө элек препаратты калк арасында кеңири колдонууга сунуштоо туура эмес, деп жазылган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1356