Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады
RU

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен телефон аркылуу куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Садыр Жапаров кесиптешине чың ден соолук жана бир тууган өзбек элинин бакубатчылыгы үчүн жооптуу мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалаган. Ал биргелешкен аракеттер менен Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосунда жогорку деңгээлдеги ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк түзүлүп, жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иштер толугу менен уланып жатканын баса белгилеген.

Өз кезегинде Шавкат Мирзиёев жылуу куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирип, бир тууган кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13599