Президент Садыр Жапаров сентябрь айында Тажикстанга барышы мүмкүн
1721
Президент Садыр Жапаров сентябрь айында Тажикстанга барышы мүмкүн.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, 14-15-сентябрь күндөрү Душанбеде Эмомали Рахмондун төрагалыгы астында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын 5-юбилейлик консультативдик жолугушуусу өтөт. Саммитке Кыргызстандын, Казакстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын президенттеринин катышуусу күтүлүп жатат.
Бул боюнча Президеттин маалымат кызматы маалымат тарата элек.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/13635