Бишкектеги мектепте бомба бар деп жалган маалымат тараткан адам кармалды
RU

Бишкектеги мектепте бомба бар деп жалган маалымат тараткан адам кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин бир канча жолу коомдук жай, мектептерге бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат тараткан адам кармалды. Ал 9-класстын окуучусу А.А.А. болуп чыкты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматта 28-29-март күндөрү борбор калаадагы мектептердин бирине жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу бир нече жолу кабар берген "телефон террористи" аныкталганы айтылат.

"Ал мектептердин биринин 9-классынын окуучусу А.А.А. экени такталды. Өспүрүм бейбаштык кылып Бишкек шаарынын мектеп-гимназиясынын электрондук дарегине "[email protected]" фейк аккаунтунан жалган билдирүү жөнөткөн.

А.А.А. өзүнүн планын ишке ашыруу үчүн окуу процессин үзгүлтүккө учуратуу максатында видео оюндардын бири аркылуу жасалма чет элдик аккаунтту сатып алып, мектепке эки жолу анонимдүү билдирүү жөнөткөндүгү аныкталды.

А.А.А. жашаган жеринде дароо ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, компьютердик техникалар жана уюлдук телефондор алынып, экспертизага жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Ата-энесинин катышуусунда жүргүзүлгөн сурак учурунда А.А.А. мыйзамсыз эки жолку аракетин - жалган билдирүү жөнөткөнүн мойнуна алып, кылган ишине өкүнөрүн айтты.

Азыркы учурда Бишкек шаарындагы айрым жайларга коюлган башка бомбалар тууралуу анонимдүү маалыматтарга А.А.А.нын тиешеси бар экендиги текшерилүүдө.

УКМК мындай аракеттер Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине ылайык, билип туруп даярдалып жаткан жардыруу, өрттөө же адамдардын курман болуу, же болбосо башка оор залал болуу коркунучун жаратуучу башка аракеттер жөнүндө жалган кабарлоо - бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга алып келерин эскертет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13700