Оштогу кайгуул кызматкерлеринин нааразычылыгы. ИИМдин комиссиясы текшерүү баштайт
RU

Оштогу кайгуул кызматкерлеринин нааразычылыгы. ИИМдин комиссиясы текшерүү баштайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаардык милициянын кайгуул кызматынын 70тей кызматкери 28-июлда митингге чыгышкан. Бул окуя боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы комментарий берип, кайгуул кызматкерлери иш таштабаганын айтат.

Башкармалыктан социалдык түйүндөрдө тарап жаткан "кайгуул кызматкерлер иш ташташты" деген кептер чындыкка туура келбей турганын белгилешти.

"Аталган кызматтын айрым кызматкерлери милициянын кайгуул кызматынын имаратына топтолушуп, кызмат убактысын кароону жана өздөрүнүн жетекчисинин ортосундагы пикир келишпестиктер тууралуу айтышты.

Айтылган сунуштар, нааразычылыктар ИИМдин жана милициянын кайгуул кызматынын жетекчилигине жеткирилген. 29-июлда ИИМ тарабынан түзүлгөн ар тараптуу комиссия келип, текшерүү иштерин баштайт", - дешти башкармалыктан.

Учурда Ош шаарында жол кыймылынын коопсуздугу сакталууда. Кызматта турган нөөмөткерлер өз кызматтарын улантып жатышканын кошумчалашат мекемеден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13708