Президент кол койгон мыйзамга ылайык, 35 жашка чейинкилер жаштардын катарына кирет
RU

Президент кол койгон мыйзамга ылайык, 35 жашка чейинкилер жаштардын катарына кирет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин администрациясы Садыр Жапаров "Жаштар жөнүндө" мыйзамга кол койгонун маалымдады. Бул мыйзам 21-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - жаштар саясатын калыптандыруунун, ошондой эле жаштарды мамлекеттик ишмердүүлүктүн бардык чөйрөлөрүнө тартуунун механизмдерин аныктоо болуп саналат.

Жаңы мыйзамга ылайык, 14 жаштан 35 жашка чейинки жарандар жаштардын катарына кирет. Буга чейин жаштардын курагы 14 жаштан 28 жашка чейин болчу.

Мыйзамда жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишинин негизги багыттары, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жаштарды жана жаштардын аялуу топторун тартуу үчүн бирдей шарттарды түзүү, жаштар саясатын калыптандыруу жана ишке ашырууда мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсү, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ишкердикти өнүктүрүүгө жана жаштарды иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү, мамлекеттик жаштар саясатын финансылык жактан камсыз кылуу маселелери каралган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13854