Бишкекте бадалдардын арасынан эркек кишинин сөөгү табылды
RU

Бишкекте бадалдардын арасынан эркек кишинин сөөгү табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте бадалдардын арасынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Маркумдун сөөгү бир нече күн жатканын Kaktus.media сайтына күбөлөр билдиришти.

Айтымдарында, Мичурин жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде аябай жагымсыз жыт пайда болгон. Жашоочулар бул жыттын эмнеден чыгып жатканын издөө максатында бадалдарды карап, адамдын сөөгүн табышкан. Бул тууралуу алар милицияга кабарлашкан.

Биринчи Май РИИБден бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын маалымдайт. Ошондой эле өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындаллып, маркумдун аты-жөнүн тактоо иштери жүргүзүлүп жатканын айтышты.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13867