Кыргызстанда "Кудайга шүгүр" жашагандардын катарына кимдер кирет? Мам.органдардын версиясы
RU

Кыргызстанда "Кудайга шүгүр" жашагандардын катарына кимдер кирет? Мам.органдардын версиясы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда электр энергиясына тариф көтөрүлөт, бирок бардыгы үчүн эмес, болгону президент Садыр Жапаровдун пикири боюнча жашоосу "Кудайга шүгүр" деп эсептелгендерге гана. Бул категорияга кимдер туш келет? Бийликтин пикири боюнча кайсы жарандардын жашоосу "Кудайга шүгүр"?

Чиновниктердин пикири боюнча кимдердин жашоосу "Кудайга шүгүр"?

Мыйзамда "жашоо шарты жакшы" деген түшүнүккө так аныктама жок. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен берилген маалыматка ылайык, алардын системасында бир гана категория бар - бул аз камсыздуу жарандар. Бул статуска бардыгы эле ээ боло бербейт. Аны алуу процедурасы жөнөкөйлөрдөн эмес, ошондуктан муктаж болгондорун бардыгы эле бул тизмеге кире албайт.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана Энергетика минитрлиги аз камсыздалган үй бүлөлөрдүн катарына кирбегендердин бардыгы жашоо шарты жакшы - деген категорияга кирип калат.

Ошону менен өкмөттүн логикасына таяна турган болсок, жашоо шарты жакшы деген категорияга төмөнкүлөр да кирет:

  • киреше булагы төмөн үй-бүлөлөр, алардын күнүмдүк рационуна чай менен нан эле кирсе дагы;
  • пенсионерлер, ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелгендер, жана башка жөлөк пул менен компенсация алгандар;
  • кенедей айлык алып, бюджеттик мекемелерде иштегендер.

Электр энергиясынын кымбатташы кимге таасирин тийгизет?

Кыргызстанда баш аягы 1 млн 366 абонент бар.

  • Энергетикалык комплексти көзөмөлдөо боюнча мамлекеттик агенттиктин данныйларына ылайык, алардын ичинен 187 миңи алыскы, тоолу райондордо, жашоо шарты оор кырдаалда жашашат. Демек алар кВт саатына 1,04 сом төлөшөт.
  • Социалдык өнүктүрүү минсирликтин тизмесинде 109 миң үй-бүлө аз камсыздалган үй-бүлөлөр катары катталган. Бирок бул тизме дагы такталат. Аз камсыздалгандардын саны же көбөйөт, же азаят. Тарифтер көтөрүлгөндө энергетиктер так ушул базаны колдонушат. Ошону менен 109 миңге чукул үй-бүлө электр энергиясына 0,74 сомдон төлөшөт.
  • Калган абоненттер - бул 1 миллиондон көбүрөөк бөлүгү - жашоо шарты жакшы үй-бүлөлөр. Булар кВт саатына 1,48 сомдон төлөшөт.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1387