Президент Кыргызстанда салттуу эмес сексуалдык мамилелерди пропагандалоого тыюу салды
RU

Президент Кыргызстанда салттуу эмес сексуалдык мамилелерди пропагандалоого тыюу салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Жоруктар жөнүндө кодексине, "Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, алардын физикалык, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө" мыйзамдарга) кол койду". Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Мыйзам балдардын жана өспүрүмдөрдүн адеп-ахлактык, дене бой, психологиялык жана социалдык ден соолугун камсыз кылуу, сактоо жана чыңдоо үчүн коопсуз маалыматтык чөйрөнү түзүү максатында кабыл алынган.

Балдарга терс таасир этет деп тыюу салынган маалыматтарга төмөнкүлөр кирет:

  • балдардын өз өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч жаратуучу, өзүн-өзү өлтүрүүгө түрткү берүүчү;
  • баңгизат, алкоголь жана спирт камтылган продукцияны, энергетикалык суусундуктарды колдонуу, кумар оюндарына катышуу, сойкулук, селсаяктык же тилемчилик кылууга азгыруу;
  • зомбулукка же мыкаачылыкка жол берүүнү негиздөөчү иш-аракеттерге түрткү берүүчү;
  • үй-бүлөлүк жана салттуу коомдук баалуулуктарын жокко чыгаруу, адаттан тыш сексуалдык мамилени пропагандалоо жана ата-энесин же үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүн урматтабаган мамилени түзүүчү;
  • укукка каршы жүрүм-турумду актоочу;
  • уят сөздөрдү, порнографиялык мүнөздөгү материалдарды камтыган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13948