Ысык-Көл: скутер иштеткендер ата-баланы сабаганы маалым болду
RU

Ысык-Көл: скутер иштеткендер ата-баланы сабаганы маалым болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 16-август күнү кечинде Ысык-Көлдөгү пляждардын биринде скутерди ижарага бергендер менен эс алуучулардын ортосунда мушташ чыккан. Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы мушташкандардын баары милицияга жеткирилип, эс алуучулар арыз жазганын билдирди.

Ижарачылардын өздүгү такталды. Алар Бишкек шаарынын 18 жаштагы тургуну А.Ж жана анын теңтуштары Кош-Көл айылынан С.А. жана Б.Э болуп чыкты.

Жабырлануучулар Алматыда жашаган Кыргызстандын жараны, 55 жаштагы С.Д. жана анын уулу, 27 жаштагы С.Э. экени аныкталды. Алар скутерди ижарага алгандарга чара көрүү үчүн арыз жазышкан. Анын негизинде скутер иштеткен үч жигит Тамчы айылдык милиция бөлүмүнө жеткирилди.

Эс алуучулардын алган жараатынын оорлугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Жыйынтыгы менен мыйзам чегинде чара көрүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13987