Ысык-Көлдөгү мушташ: эс алуучу скутер иштеткенди биринчи урганы маалым болду
RU

Ысык-Көлдөгү мушташ: эс алуучу скутер иштеткенди биринчи урганы маалым болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдөгү пляждардын биринде чыккан мушташ боюнча эки тарап тең убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кош-Көлдөгү пляжда скутер иштеткендер менен эс алуучулар ортосундагы мушташ боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Бейбаштык") менен кылмыш иштери козголгон.

Эки тарап тең бири-бирине каршы арыз жазган.

Окуяга катышкандар жана күбөлөр сурамжыланып, видеокөзөмөл камераларынын жазуулары толук иликтенип, чыр-чатак скутерди белгиленген убакыт менен айдоодон келип чыкканы аныкталган. Натыйжада, 27 жаштагы С.Э. аттуу эс алуучу биринчи болуп скутердин ээсин 18 жаштагы С.Аны уруп жиберген. Андан соң башка ижарачылар эки эс алуучуну сабап салышкан.

Козголгон кылмыш иштеринин алкагында скутер иштеткендер А.Ж., С.А. жана эс алуучу С.Э. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алардын бөгөт чарасы сот тарабынан каралат.

Мурдараак маалымдалгандай, 16-августта соцтармактарда скутер ижарага бергендер пляждын аймагында эки эс алуучуну сабап салган видео тараган. Окуя Ысык-Көл районунун Кош-Көл айылындагы "Радуга Вест" эс алуу борборунун жанында болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14005