Рамзан Кадыровду сындаган чечен активисти "Манас" аэропортунда кармалганы айтылды
RU

Рамзан Кадыровду сындаган чечен активисти "Манас" аэропортунда кармалганы айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 20-августта "Манас" аэропортунан чечен активисти Мансур Мовлаев кармалганын укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова Facebook баракчасына жазды.

Айтымында, Мовлаев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, анын иши боюнча мамлекеттик жактоочу иш алып барууда.

Мансур Мовлаев Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровду сынга алган активисттердин бири.

2020-жылы ал 3 жылга эркинен ажыратылган. Оппозициянын айтымында, бул иш ойдон чыгарылган. 2022-жылы шарттуу түрдө бошотулуп, бирок Шали райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалып, жашыруун абакка киргизилген. Ал жерден Мовлаев качып чыгып, Чечен Республикасынан, андан кийин Россиянын аймагынан чыгып кетүүгө үлгүргөн. Алдын ала маалымат боюнча, Мовлаев федералдык издөөгө алынган.

Азырынча Кыргызстандын күч түзүмдөрү окуя боюнча маалымат берише элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14037