Өзгөндө айдоочу инспекторлорду тоготпой, унаасын айдап качты. Видео
RU

Өзгөндө айдоочу инспекторлорду тоготпой, унаасын айдап качты. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Өзгөн районунда жол тандабастын айдоочусу инспекторлорго баш ийбей, унаасын айдап качкан. Социалдык тармакка тараган видеодон жол тескөөчү алдыңкы терезеден башын салып, айдоочуга тоскоолдук кылууга аракет кылган. Бирок айдоочу унааны ары-бери айдап качып кеткен. Инспекторго шериги да жардам бере алган эмес.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан редакцияга билдиргендей, айдоочу кармалып, ага 15 миң сом айып салынган.

Кийинчерээк башкармалыктан кошумча маалымат беришти. Такталгандай, Ош-Бишкек унаа жолунун 618-чакырымында Lexus үлгүсүндөгү унаанын 1986-жылы туулган Т.А. аттуу айдоочусу Жалал-Абад облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей кетип калган. Кызматкерлер токтобогон унааны кармоо үчүн, кийинки күзөттө турган кызматкерлерге маалымат берген.

"Натыйжада жол тандабастын айдоочусу кармалып, унаасы айып короого токтотулду. Ал эми жол эрежелерин бузгандыгы үчүн жалпысынан 41 миң айып салынды", - дешти ЖККББдан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14109