Биринчи Май РИИБдин тергөөчүсү кармалды. УКМК жабыркагандарга кайрылды
RU

Биринчи Май РИИБдин тергөөчүсү кармалды. УКМК жабыркагандарга кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү кармалды. Ал пара талап кылуу жана кылмыштуу чөйрөнү түзүү же ага катышуу фактыларына аралашканга шектелип жатканын УКМКдан маалымдашты.

Такталгандай, Биринчи Май РИИБдин 5-шаардык бөлүмүнүн кызматкери М.А.М. баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте Telegram жана WhatsApp мессенджерлеринде топторду түзгөн. Кызматкерлер мессенджерлер аркылуу баңги затын сатып алууну көздөгөн адамдарды атайылап кармашкан. Андан соң шантаж кылып, кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуу жолу менен 500дөн 5 миң долларга чейин акча каражатын талап кылышкан.

Кармалган М.А.М. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамсыз аракеттерге катыштыгы бар делинген ИИМдин башка кызматкерлерин кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Ушул сыяктуу кылмыштарга кабылган жарандар УКМКнын (0312) 66-04-75 жана 0708 72 28 01 телефон номерлерине кабарлап койсо болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14258