Бишкектин борборунда самокатчан адамды сүзүп кетишти (видео)
RU

Бишкектин борборунда самокатчан адамды сүзүп кетишти (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 11-сентябрда Тыныстанов-Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде электросамокат менен бара жаткан адам кырсыкка учурады.

Маалым болгондой, кырсык жөө адамдар өтүүчү өтмөктө болгон. Самокат айдап бараткан жигитти окуя болгон жерге келген тез жардам кызматы алып кеткен.

Бишкек тез жардам станциясы жабырлануучу тууралуу кийинчерээк маалымат берүүнү убадалады.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14353