Санариптик көндүмдөр ар бир кыргызстандыктын экономикалык бакубаттуулугуну ачкычы
RU

Санариптик көндүмдөр ар бир кыргызстандыктын экономикалык бакубаттуулугуну ачкычы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Санарип Инсан" – аймактарда жашаган аялдардын жана жаштардын арасында санариптик билимди жана көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган Кыргызстандагы уникалдуу долбоор. Долбоор боюнча эки жылдык иштин жыйынтыгы тууралуу кененирээк "Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмүнүн" (ISOC Kyrgyzstan Chapter) тең негиздөөчүсү жана "Санарип Инсан" долбоорунун координатору Азиз Солтобаев айтып берди.

Санарип Инсан

Санариптик улутту куруу инфраструктураны, жагымдуу ченемдик чөйрөнү түзүүгө жана жарандардын квалификациясын жогорулатууга негизделген. Бирок бул технологияларды өздөштүрүү деңгээли боюнча санариптик ажырым бар. Кыргызстанда интернеттин арзандыгын эске алганда, жарандар көп учурда аларга кандай пайда алып келерин жана мобилдик тиркемелер аркылуу экономикалык бакубаттуулукту кантип жакшырта аларын билишпейт.

Бул долбоор Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жатат жана Европа Коңшулук Кеңеши, "Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмүнүн" (ISOC Kyrgyzstan Chapter) тарабынан ишке ашырылууда.

Негизги максат – санариптик платформаларда окутуу жана санариптик сабаттуулукту жогорулатуу аркылуу айыл жериндеги тургундардын, өзгөчө жаштардын жана аялдардын экономикалык бакубаттуулугун жогорулатуу.

Кыргызстан интернети эң арзан 5 өлкөнүн катарына кирет. Бирок ошол эле учурда интернетти пайдалуу колдонуу потенциалы толук ишке ашырыла элек. Интернетке туташтырылган же Интернет аркылуу ишке ашкан экономикалык активдүүлүктүн үлүшү, өзгөчө, калктын аялуу катмары болгон айыл жерлеринде салыштырмалуу төмөн. Биздин негизги багытыбыз айыл тургундарына, атап айтканда, жаштарга жана аялдарга, анткени биз алардын экономикалык кирешесин камсыздап, жакшырта алышын каалайбыз.

Айыл тургундары жалпы калктын 60% түзөт. Ал эми экономикалык киреше жагынан шаар менен айыл жашоочуларынын кирешелеринин ортосунда олуттуу ажырым бар. Жаштар смартфондорду колдонгон эң активдүү чоң топ. Ал эми аялдарга басым жасаганыбыздын себеби Кыргызстанда киреше паритети эркектер аялдарга караганда көбүрөөк киреше тапкан паритетти көрүүгө болот.

Санариптик сабаттуулук

Калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу максатында биз GSMA Фонду менен биргеликте мобилдик сабаттуулукту үйрөтүү боюнча колдонмону орус жана кыргыз тилдерине котордук. Бул окуу куралын офлайн тренингдерибизде сынап көрдүк жана маалыматтын суроо-талапка ээ экенин көрүп, өлкөбүздүн ар бир аймагына жайылтууну туура көрдүк.

Окуу китептерин басып чыгарып, электрондук форматта жеткиликтүү кылып, өнөктөштөрүбүздүн аркасы менен максаттуу аудиторияга тараттык. Белгилей кетсек, санариптик платформаларды колдонуунун артыкчылыктары тууралуу видеороликтердин КТРК, ЭлТР сыяктуу республикалык жана аймактык телеканалдарда көрсөтүлүшүнө президенттик администрациянын салымы зор. Ал видеоматериалдарды жалпысынан болжол менен 4 млн адам көрдү.

Компьютердик сабаттуулук

2020-жылга чейин Кыргызстанда калктын 20% гана компьютер жана ноутбукка ээ болгон. Бирок регионалдык паритетти ала турган болсок, Бишкекте 50%, аймактарда 10-15% гана камтыйт. Жаштардын да компьютердик сабаттуулугу төмөн болчу.

Биз Microsoft Digital Literacy санариптик компетенцияларды жогорулатуу видеоматериалдарынын бирин толугу менен кыргыз тилине котордук. Эми мугалимдер үчүн 100гө жакын видеоматериалдар жана презентациялык материалдар кыргыз тилинде да жеткиликтүү. Бул окуу куралдарын жалпы саны 2300гө жеткен мектеп, колледж жана университеттерге тапшырабыз. Болжол менен 300 миңден 1,3 миллионго чейин студенттерди жана мектеп окуучуларын камтыйбыз деп пландап жатабыз. Биздин өнөктөштөр да бул материалдарды чоңдорго билим берүү үчүн колдонушат. Бул материалдардын баары Интернетте бар. Ошондой эле бул видеоматериалдар БШКнын 82 жарандык билим берүү борборлорунда 2000 ноутбукка орнотулат.

Санариптик туризм жана электрондук коммерция

Санариптик туризм долбоордун маанилүү компоненти болуп саналат. Санариптик туризмдин алкагында 2 күндүк курстарды даярдап Кыргызстандын бардык 7 облусунан 250 адамды окуттук. Аймактарда смартфон колдонгондор көп. Бирок алар электрондук почтаны кантип ачууну, кирүүнү ж.б. билишпейт. Бардык тренингдерибизде биз эң негизги базалык санариптик сабаттулукту жогорулатуу билимдеринен баштайбыз.

Биздин тренерлер аларга Booking,+ Google Maps, Expedia, Shelter PMS, Fidelio PMS, Airbnb сыяктуу платформаларда катталууга жардам беришти. Мисалы, Таласта конок үйлөрүнүн көп болгондугуна карабастан мындай аянтчаларда 3 гана конок үйү катталган. Коноктор жана/же туристтер аларды туугандар тааныштар, аркылуу гана таба алышкан. Бүгүнкү күнү Таласта 18ге жакын конок үйлөрү бар. Мунун баары "Санариптик туризм" боюнча тренингдерибиздин аркасында ишке ашырылды.

2023-жылдын октябрь айынан баштап 500 аялды санариптик туризм менен камтуу максатында тренингдердин жаңы сериясын баштайбыз.

"Санарип Инсан" долбоорунун алкагында биз "Электрондук коммерция" боюнча да бир күндүк тренингдерди өткөрдүк, анда катышуучулар: Instagram, Facebook, Fermer.kg, Lalafo, Telegram сыяктуу социалдык тармактар, платформалар, маркетплейс, мессенжерлерде каттоодон өтүүнү, товарларын жана/же кызматтарын жарнамалоону үйрөнүштү. Бул компоненттин алкагында биз 250 адамды интернетти ишкердикте пайдалуу колдонууну үйрөттүк. Биз окутуп эле тим болбостон, кийин алардын бизнесин колдоп, кеп-кеңештерин бердик. Бардыгы болуп санариптик туризм жана электрондук коммерция боюнча 500 адамды окуттук.

Санариптик көндүмдөр

Буга чейин Кыргызстанда программалоо тилдерин үйрөнүү үчүн, өзгөчө алыскы айыл жергесинде жашагандар үчүн алгач орус тилин үйрөнүш керек эле. Ушул убакка чейин аймактардан келген балдар үчүн программалоо боюнча билим алуусун жеңилдетүү үчүн кыргыз тилинде эч кандай материалдар же курстар болгон эмес. Алар үчүн бул эки эселеген тоскоолдук эле. Эми Python программалоо тили кыргыз тилинде жеткиликтүү. Python Stack Overflow рейтинги боюнча дүйнөдөгү эң популярдуу 3 тилдин бири. Биз программалоо тилдери кыргыз тилинде да жеткиликтүү болуусун каалайбыз жана бул багытта биринчи кадамды "Санарип Инсан" долбоорунун алкагында биз жасадык.

"Санарип Инсан" массалык маалымат каражаттарында

Интернетти колдонбогондор же аз колдонгондор үчүн долбоордун алкагында 20 сериядан турган подкасттарды даярдап, аларды 1млн угуучуларды камтыган республикалык жана облустук радиолордо уктурдук. Ал эми MISTT видеолору республикалык жана аймактык телеканалдарда көрсөтүлүп, 2 миллион көрүүчүнү камтыды. Мындан тышкары, бардык материалдар санариптик мейкиндикте, биздин социалдык баракчаларда жана Youtube каналыбызда да бар.

Стартап колдоо

Учурда "Санарип Инсан" долбоору жаштар арасында экономикалык бакубаттуулукту стимулдаштыруу үчүн байге фонду 25000 еврону камтыган стартаптар сынагын өткөрүүдө. Айрыкча региондордон тандалган, ишкерлик аркылуу экономикалык шарттарын бекемдөөгө таасир эткен стартаптарга мүмкүнчүлүк берүү биз үчүн маанилүү. Баткен облусунан жана өлкөнүн эң алыскы конуштарынан кайрылуулар көп болгондугу абдан кубандырат.

"Санарип инсандын" таасири

Акыркы жылдары Кыргызстан региондо e-govту санариптик трансформациялоо боюнча лидер болуп калды. Ошону менен бирге калк бул жаңылыктардын бардыгын өздөштурүүгө даяр эмес эле. Биз калкты мамлекет берген аянтчаларды колдоно тургандай кылып санариптик сабаттулугун жогорулатууга аракет кылдык. Биздин калктын санариптик сабаттулугун жогорулатууга багытталган санариптик көндүмдөрүн камтыган окуу куралдары жогорку окуу жайларынын окуу процессине киргизилсе, анда 36 айдын ичинде жакшы жыйынтык байкалат. Бул тармакта жаштардын атаандаштыкка туруштук берүү жөндөмдүүлүгү жогорулайт.

Долбоор миңдеген жарандарга санариптик көндүмдөрдү өркүндөтүүгө жардам берүүдө, демек жарандардын өздөрүнүн экономикалык бакубаттуулугун жогорулатууга мүмкүнчүлүгү артууда жана Кыргызстандын айылдарына инклюзивдүү экономикалык өсүштү алып келет. Бул өз кезегинде өлкөнүн санариптик экономикасынын өсүшүнө таасирин тийгизет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14572