Парламентте Конституциялык сот жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү талкуусуз кабыл алынды
RU

Парламентте Конституциялык сот жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү талкуусуз кабыл алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңеш "КР Конституциялык соту жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү дароо 3 окууда кабыл алды.

Жыйында Надира Нарматова мыйзам долбоорун талкуулабай эле добушка коюуну вице-спикерден суранды.

"Матчество эч кимге керек эмес, ошондуктан талкуусуз эле добуш бериш керек!" - деди ал.

Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда добушка коюп, 64 депутат "макул", 2 депутат "каршы" добуш берди.

Эске сала кетсек, мыйзам долбоору президентке жана Конституциялык соттун төрагасына төмөнкү учурларда соттун чечимдерин кайра кароого жиберүү укугун берет:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченеми, анын негизинде чечим кабыл алынганда;
  • даттануу үчүн чечим кабыл алынган учурда Конституциялык сотко белгисиз болгон жаңы олуттуу жагдайлар табылганда;
  • чечим Кыргызстандын элинин моралдык-этикалык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келгенде.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14590