Кыргызстанда пенсия көбөйтүлдү
RU

Кыргызстанда пенсия көбөйтүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмү көбөйтүлдү. Тиешелүү жарлыкка үстүбүздөгү жылдын сентябрынын башында президент Садыр Жапаров кол койгон.

Социалдык фонддон билдиришкендей, 30 миң сомго чейинки пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү орто эсеп менен 38%га жогорулайт. Минималдуу өсүш 500 сом, орточо өсүш 1692 сом болот. Бул көбөйтүүгө фонддун өздүк каражаттарынан 3,9 миллиард сом каралган.

Пенсиянын орточо өлчөмү жогорулагандан кийин 9354 сомду түзөт. Орточо өсүш 1692 сомду түзөт, бирок камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмүнө жараша ар бир пенсионерде ар кандай өсүш болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14614