Бишкекте шаурмадан массалык уулануу болду. 21 адам жабыркады
RU

Бишкекте шаурмадан массалык уулануу болду. 21 адам жабыркады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте Чүй проспектиси менен Сүйүнбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан "Беш лаваш" жана "Мидос" фастфуд түйүндөрүндө массалык уулануу катталып, ага шаурма себеп болгон. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти.

Жалпысынан 21 адам жабыркап, 15 адам Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды, алардын экөө жаш балдар. Дагы алты адам амбулатордук дарыланууда.

Тергөөнүн жүрүшүндө санитардык жана микробиологиялык изилдөөлөр үчүн даяр шаурманын үлгүлөрү алынган.

Белгиленген мыйзам бузуулар үчүн тез тамактануучу жайларга 72 миң сом айып салынып, алар жоюлганга чейин жабылды.

Ошондой эле, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкектеги Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунда борбор калаадагы массалык уулануу фактысы боюнча чукул жыйын өткөрдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14615