Курулуш компаниянын директору жарандарды 27 млн сомго алдаган деп камакка алынды
RU

Курулуш компаниянын директору жарандарды 27 млн сомго алдаган деп камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип курулуш компаниялардын биринин директору кармалды. Октябрь РИИБдин маалыматына караганда, шектүү 27 млн сом зыян келтирген.

27-сентябрда шаар тургуну А.Г. милицияга арыз менен кайрылган. Ал 2020-жылы 11-августта курулуш компаниянын директору А.З. "Көк-Жар" турак жай комплексиндеги сатуу бөлүмүндө анын ишенимине кирип, Фучик көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 2 бөлмөлүү батир убадалап, 1 млн 921 миң 800 сомун алганын айткан. Бирок кийин изин жашырып жүргөндүктөн ага карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факты боюнча 209-берене (Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) менен иш козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө 1991-жылы туулган А.З. кармалды. Октябрь райондук соту тарабынан шектүүнү 2 айга камакка алуу чечими чыгып, ал СИЗОго киргизилди.

Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу кылмыш иштерине катыштыгы бар экени аныкталып, жарандарга келтирилген сумма 27 млн 92 миң 555 сомду түздү.

Милиция сүрөттөгү жарандан жабыркагандар болсо кабар берип коюуну өтүнөт. Байланыш номерлери: 0(505)106 565, 0(500)030 200, 0(701) 002 688 же 102.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14622