Нурзат Нуртаева Азия оюндарында күмүш медаль утту
RU

Нурзат Нуртаева Азия оюндарында күмүш медаль утту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында Нурзат Нуртаева 2-орунга ээ болду.

Кыргызстандык спортчу 68 килограмм салмак категориясында күч сынашып, 1/4 финалдан баштаган. Алгач казакстандык Елена Шалыгинаны 7:8 эсебинде жеңсе, жарым финалда монголиялык атаандашын утуп финалга чыккан.

Нурзат Нуртаева финалдык беттеште Кытай балбаны менен күч сынашып, атаандашына утулуп калды.

Буга чейин Айпери Медет кызы да килем үстүнө чыгып, финалга жолдомо алган. Ал финалда казак балбаны Жамиля Бакбергенова менен күч сынашат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14670