"Айыл Банк" ААКсы өнөктөш катары "Ufa" сыр азыктарын чыгаруучу цехтин ачылышына катышты
RU

"Айыл Банк" ААКсы өнөктөш катары "Ufa" сыр азыктарын чыгаруучу цехтин ачылышына катышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Кемин районунда "Ufa" сыр азыктарын чыгаруучу цехтин (United Food Alliance) ачылыш аземи өтүп, анда "Айыл Банк" ААКсы өнөктөш катары иш алып барды.

"Ufa" цехи - банктын узак мөөнөттүү кардары. Компания буга чейин сырдын катуу жана жарым катуу түрлөрүн өндүрүү үчүн жабдууларды лизингге алып келген. Учурда "Ufa" жакынкы айылдардын жана конуштардын тургундарынан сүт сатып алууда, ошондой эле 12 адамды жумуш менен камсыз кылууда. Завод кадимкидей ишке киргенден кийин суткалык керектөө 10 тоннаны түзүп, жумушчулардын иши көбөйүп, кошумча жумуш орундары түзүлөт.

Мындай заводдордун ишке кириши жергиликтүү калкты жумуш менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзөт. Атаандаштыкка жөндөмдүү ата мекендик азыктарды өндүрүү; салыктардан жана башка жыйымдардан бюджеттин кирешелерин көбөйтүү, ошондой эле өлкөнүн өнөр-жай жигердүүлүгүн өнүктүрүүгө жана жогорулатууга көмөктөшөт.

Кененирээк маалыматты ар дайым ab.kg сайтынан таанышып, төмөнкү номерлер аркылуу сурап-биле аласыз:

Байланыш номерлери: 5511 (чалуу акысыз), 0312 68-00-00.

Айыл Банк - сизге жакын!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14687