Тажикстандын чек ара кызматкерлери "Головной" суу алуучу жайды аткылай башташты
RU

Тажикстандын чек ара кызматкерлери "Головной" суу алуучу жайды аткылай башташты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстан Республикалык ИИМдин атайын кызматкерлери жана Чек ара кызматы 29-апрелде, саат 14:00дон баштап Баткен облусунун Көк-Таш айылында жайгашкан "Головной" суу алуучу жайды автомат, пулемет жана миномет менен аткылай башташты.

Окуя болуп жаткан жерде УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев иш алып барууда. Ал кырдаалды координациялап, куралдуу конфликти курчоо боюнча чараларды көрүп жатат. УКМК берген маалыматка ылайык, конфликт тажикстандык чек арачылар тараптан козутулду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1468