Мырзакулова Бактыкан: "Санарип Инсан" долбоору кирешебизди 50%га көбөйттү
RU

Мырзакулова Бактыкан: "Санарип Инсан" долбоору кирешебизди 50%га көбөйттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында
Мырзакулова Бактыкан Кыргызстандын аймактарында жашаган аялдардын жана жаштардын арасында санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жана экономикалык бакубаттуулукту жакшыртууга багытталган "Санарип Инсан" долбоорунун катышуучусу.

Бактыкан жашаган Жалал-Абад облусунун Арстанбап айылы дүйнөнүн төрт бурчунан келген туристтерди кызыктырган борбор – 600 миң гектардан ашык аянтты ээлеген уникалдуу реликттик жаңгак токою, шаркыратмалар, мусулмандардын зыярат кылуучу жерлери. Азыр айылда 20дан ашык конок үйлөрү бар. Көптөгөн жергиликтүү тургундар үчүн айылдагы туризм үй-бүлөлүк бизнеске айланган.

"Биз туризм тармагына келгенге чейин жолдошум башкы эсепчи, мен катчы болуп иштечүмүн. Арстанбапка туристтер тынбай келишет. Биз аларды дайыма түнөп, жөнөкөй, даамдуу тамак менен камсыз кыла алмакпыз. Бирок кийин бул киреше булагы болуп, туристтик бизнеске айланышы мүмкүн экенин билген эмеспиз. 2000-жылдын башында Арстанбапта 5 конок үйү болгон. 2002-жылдан тарта биз да туристтерге кызмат көрсөтө баштадык. Ошондон бери туристтердин саны жыл сайын өсүүдө".

Бактыкан айылдыктардан "Санарип Инсан" долбоору тууралуу билип, катышууну чечти.

"Жалал-Абадда жана Базар-Коргондо 2 күндүк окуу болду. Интернет, Booking, Google, Instagram менен тааныштык. Аларды кантип ачууну, колдонууну жана картадан жайгашкан жерибизди көрсөтүүнү үйрөндүк. Мурда коноктор так дарегин билишчү эмес, алар менен жолугушууга туура келчи. Кээде коноктор адашып калып, аларды издейбиз. Эми бул бизге да, конокторго да чоң жеңилдик", - дейт Бактыкан.

Санариптик технологияларга өткөндөн кийин алар туристтер менен түз байланыша башташты. Бардык керектүү маалыматтар: картада толук дарек, конок үйүнүн номерлери, ичиндеги шарттар, кабыл алуучу үй-бүлөнүн сүрөттөрү тиркемелерге жана программаларга жүктөлөт. Ал жакка туристтер келип, алдын ала телефон чалып, даректи өздөрү табышат. Азыр анын Happy Family Guesthouse конок үйү 20 кишиге ылайыкташкан.

"Биз картага чоң-кичине шаркыратмаларды, токойдун ичин киргиздик. Аны уюлдук телефонуңуздан көрүп, гиддин жардамысыз көпкө жүрө аласыз. Брондоо жоопкерчиликти талап кылат жана дайыма ачылып, каралып турушу керек. Жергиликтүү туристтер Instagram жана Facebook аркылуу чалса, чет элдиктер Booking жана Google аркылуу чалышат. Алдын ала буйрутмалар менен иштөө бизге ыңгайлуу. Тренингдерден алган билимимди бизнесте колдоно баштагандан бери туристтердин саны 50% өстү".

Аялдар үчүн уюштурулган долбоорлорго катышып, билимин мындан ары өркүндөтүүнү пландоодо. Чоң конок үйлөрүн куруу, тейлөөнү жакшыртуу жана туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү пландалууда.

Бул долбоор Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жатат жана Европа Коңшулук Кеңеши, "Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмүнүн" (ISOC Kyrgyz Chapter) тарабынан ишке ашырылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14724